Бекешев: Прокуратура органдары мыйзамдуулуктун сакталышын өздөрүнөн баштоосу керек

Автор -
241

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун баяндамасынын кийин эл өкүлдөрү айрым олуттуу маселелерди тактоого өтүштү.

Депутат Бакирдин Субанбеков мыйзамсыз башталган курулуштарды бүткөндөн кийин чечим кабыл ала албай кыналбай, курулуш башталган 1-күндөн баштап көзөмөлгө алууну Башкы прокуратурага сунуш кылды. Депутаттар Акылбек Жамангулов менен Калдарбек Баймуратов айыл өкмөттөрү менен мектептерде негизсиз текшерүүлөр көп болуп жаткандыгына тынчсызданышты.

Депутат Кенжебек Бокоев мөөнөтү өткөн кылмыш иштеринин саны жана абалы боюнча жазуу жүзүндө так маалымат берүүнү талап кылды.

“Бала бакчаларды мыйзамсыз менчиктештиргендердин иши каралбай эле бала бакчаларды 2-3 колдон сатып алгандар жабыр тартып жатышат. Б”,- дейт депутат Улукбек Ормонов. Мындан сырткары, депутат чет жерде камакта жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча жаңы мыйзам долбоорлорун ыкчамдатыпалып келүүнү сунуш кылды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов суроолорго жооп берип жатып, министрликтердин арасында жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында Ички иштер министрлигинде, Транспорт министрлигинде, Мамлекеттик экотехинспециясында коррупциялык көрүнүштөр көп аныкталгандыгын билдирди. Ошондой эле Башкы прокурор мурда алимент төлөбөгөн жагдайлар Кылмыш-жаза кодексинде анча оор эмес кылмыштардын катарына киргендиктен жазасы жеңил көрсөтүлгөндүгүн, эми Кылмыш-жаза кодексине жаңы өзгөртүүлөр боюнча биринчи жолу бул административдик материал болуп эсептелинерин, аны аткарбаган учурда, кийинкиде кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын чечмелеп берди.

Депутат Айнур Осмонова Кадыржан Батыровдун менчиктештирген мүлктөрү эмне үчүн муниципиалдык менчикке өтпөй жаткандыгына кызыкты. Башкы прокурор Батыровдун мүлктөрүн муниципиалитетке өткөрүү боюнча туура чечим кабыл алынгандыгын, анын аткарылышы боюнча тактап маалымат берүүнү убада кылды.

Ишкерликке бут тоскон жактардын жоопкерчилигин кароо зарылдыгын депутат Улан Примов Башкы прокуратурага багыттады. Депутат Мирлан Бакиров Башкы прокуратураны экономикага таасир эте турган ири иштерди колго алууга чакырды. Депутат Каныбек Иманалиев бүгүнкү күндө коомчулукта зордук-зомбулук, баңгизатын колдонуу, сатуу боюнча кылмыш иштери өсүп жатканына токтолуп, Башкы Прокуратура бул багытта тиешелүү мыйзамдарга түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берүүсүн өтүндү.

Талкууда депутат Дастан Бекешев прокуратура органдары мыйзамдуулуктун сакталышын өздөрүнөн баштоосу керектигин белгиледи.

“Биздин мамлекетте мыйзамдардын аткарылышы начар. Буга Башкы прокуратура көзөмөл кылат. Кылмыш иши козголуп, сотто акталгандардын саны жыл сайын арбып баратканы менен бир да тергөөөчү жоопкерчиликке тартыла элек”,- дейт Кенжебек Бокоев.

Жыйынтыгында 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча мурдагы Башкы прокурор И.Жолдубаева тарабынан аткарылган иштер канааттандырарлык эмес деп табуу жана бул багытта Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.Жамшитовдун отчетун эске алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.