Нарында жол кырсыгынан 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алды

Автор -
286

Нарын облусунун Кочкор районунда эки унаа кагыша кетип, анын кесепетинен 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-май күнү саат 20:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында катталган.

«Ауди 100 үлгүсүндөгү жана Хонда Фит үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Кырсык болгон жерде 3 адам (2 эркек, 1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алган. Учурда аты-жөнү такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМнын Кочкор райондук №42 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу, ИИМдин жана медициналык кызматынын кызматкерлери кырсык болгон жерге барышып, куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып беришкен. Жаракат алган адамдар Нарын шаарына бара жаткан унаалар менен облустук ооруканага жеткирилген.

Каза болгон адамдар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Бөлүшүү