Жалал-Абад облусунда коомдогу терс көрүнүштөргө бөгөт коюу уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
31-май күнү Жалал-Абад ШИИБинин ыкчам-тергөө тобу оперативдүү маалыматтардын жана коомчулуктун кайрылууларынын негизинде атайын рейд уюштурган.
«Жалал-Абад ШИИБи тарабынан шаардагы 3 эс алуучу жайлар текшерилип, алардын ичинен бирөө иштеп жаткандыгы аныкталды. Рейд учурунда сойкулук менен алектенген 4 айым кармалган жана текшерүү учурунда бир топ далил буюмдар алынды», — деп айтылат маалыматта.