Чүй облусунун Сокулук районунда 2018-жылдын 18-июнь күнү саат 04:03 чамасында Дача-Суу айылындагы Бишкек–Жаңы-Жер унаа жолунда «Mercedes-Benz Sprinter» жана сүт ташуучу «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
КР ӨКМнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен «Mercedes-Benz Sprinter» унаасынын айдоочусу 1985-жылы туулган И. М. каза болгон, сүт ташуучу унаанын айдоочусу 1987-жылы туулган Т.Р., жабыркаган.
КР ӨКМ өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн №23 куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп, тез жардам кызматкерлери жабыркагандарды Бишкек шаарынын 4-ооруканасына жеткирилген.