Бишкек- Ош жолунда ичинде 19 тонна газы бар оор жүк ташуучу ууна оодарылып калды

Автор -

Бишкек — Ош жолунун 410-чакырымында газ ташыган унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Кырсык 24-июнь күнү саат 08:20лар чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын жердеги Беке-Чал участогунда болгон. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу автомашинаны башкара албай калгандыктан авто капталынан кулап, трассаны жаап калган. Унаада 19 тонна газ болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү, бир жүктөгүч унаа тартылып, куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жолчулар барган. Унаанын алдынкы бөлүгү прицебинен чыгарылып, унаа жолу бир тараптуу ачылган. Андан кийин прицебин тургузуп беришип, унаа жол толугу менен ачылган.

Жол кырсыгынан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү