Кыргыз спортчулары Венгрияда өткөн эл аралык мелдеште 3 медаль тагынышты

Автор -

24-июнда Венгрияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Гран-при мелдешинде Кыргыз балбандары 1 алтын жана 2 коло медаль тагынышты.

Маалыматка ылайык, Каныбек Жолчубеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алтын медалга ээ болгон. Ал эми Урмат Аматов 63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, коло медалды багындырган. Дагы бир кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков 82 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, коло медалды тагынган.

Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 10 спортчу катышкан.

Эскерте кетсек, дүйнөдөгү эӊ күчтүү спортчу аталган Урмат Аматов SAAT.KG  маалымат агенттигине кызыктуу маек куруп берген.

 

 

Бөлүшүү