Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркап, 2 адам дайынсыз болууда

Автор -
230

«Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркап, 2 адам дайынсыз болууда»,- деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 26-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун Өрүктүү тилкесинде Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен.

«Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары тарабынан жеткирилген. Ал эми 2 адам дайынсыз болууда. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26-июнда  саат 06:35те КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.