Бишкекте ТВ312 телеканалынын редактору милиция кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 25-июнда оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө Мерседедес ГЛ450 унаасы текшерүүгө алынган. Унааны токтоткон учурда ичинде 1984 -жылы туулган К.В, 1987 -жылы туулган Ю.И жана 1988-жылы туулган А.Т болгон. Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда 34 жаштагы А.В. аттуу унаа ээси милиционерди коюп, изин жашырган.
«Айдоочу кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө тобу тарабынан текшерүүгө алынганда жанынан 9,5 грамм гашиш табылган. Наркологиялык борбордон текшерүүдөн өткөрүшкөндө баңгизатын жана спирт ичимдигин колдонгондугу аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда Октябрь РИИБинин тергөө тобу тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө күч колдонуу) менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Жабыркаган милиция кызматкери 4-шаардык ооруканага жаткырылган.