Бишкектеги «Ош базарында» жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарындагы чыккан өрттөн улам соодагерлер жалпысынан 752 миллион сом зыянга учураган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт фактысы боюнча тергөө иштери уланып жатат. «Ош базары», Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан чыккан өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө.
«Жалпы чыгым 752 миллион сомду түздү. Анын 16 миллион 400 миң сому Жалал-Абад базарына тийиштүү болсо, калган чыгым Бишкектеги «Ош базарында» чыккан 3 жолку өрттөн келип чыккан. Бишкек мэриясынан зыян тарткан 488 ишкерге 10 миң сомдон берилди. Жалал-Абаддагы ишкерлер болсо убактылуу салыктардан бошотулду. Буга чейин өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн базардагы ишкерлер 625 миң сом айып пул төлөгөн», — деп билдирди Аскаров.
Учурда парламенттик комитет жогорудагы айтылган өрттөрдөн зыян тарткандарга көмөк көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышын талкуулоодо.