Паракор жана орой күч түзүм кызматкерлеринин айынан туристтер Тажикстанга келүүдөн баш тартышууда.

Автор -

Тажикстан президенти чет өлкөлүк туристтерден жана саякатчылардан пара талап кылып, орой мамиле жасаган күч түзүм кызматкерлерин катуу жазалоону тапшырды.

«Мындай кишилерди улут саткындары катары жарыялоо керек», -деп билдирди Эмомали Рахмон Согди облусунун активдери менен жолугушуу учурунда.

Тажик лидеринин айтымында, паракор жана орой күч түзүм кызматкерлеринин айынан туристтер Тажикстанга келүүдөн баш тартышууда.

«Эң эле жаманы – дүйнөлүк аренада өлкөнүн кадыр-баркы кетүүдө», — деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Рахмон конокторду жана туристтерди улуттук маданият, каада-салт менен тааныштыруу – чек ара жана бажы өткөрмө бекеттеринен башталарын эскертти. Президент милиция кызматкерлери, бажычылар жана чек арачылар мындан ары туристтерден акча талап кыла турган болсо, катуу жазага тартыларын айтты.