Бүгүн, 3-июль күнү түнкү саат 02:00 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда катуу жаандын кесепетинен Красная-Речка — курорт «Ысык-Ата» унаа жолунун 40 чакырымында 2 жеринен шагыл аралашкан сел жүргөн.
Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат, унаа жол бир тарапка ачык.
Кошумча маалымат берилет.