Бишкектеги Гагарин жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде алты жеңил унаа кагылышып, кичинекей бала жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы кечээ, 4-июлда болжол менен саат 15:10до катталган. Унаалардын көбү Гагарин көчөсүндө жол боюнда токтоп турган.
“Кырсыктын натыйжасында №3 балдар ооруканасына анча оор эмес жаракаты менен кичинекей бала жеткирилген. Ал эми келтирилген чыгым боюнча айдоочулар өз ара мкулдашып алышкан”, — деп айтылат маалыматта.
Окуя тууралуу видеону социалдык түйүндөргө кырсыктын күбөлөрү жарыялашкан.
https://www.instagram.com/p/Bk1iMTSAB8g/?taken-by=bishkeknews