«2018-жылдын 18-июль күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кара-Алма айыл аймагынын Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында эс алып жүргөн 1987 — жылы туулган Ж. А (атасы) аттуу жаран 2013-жылы туулган А. Х. аттуу кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган»,-деп билдирет ӨКМДин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, өз алдынча издешип натыйжа болбогондуктан, кечинде КР ӨКМне кайрылышкан. Издөө иштерине саат 20:40 чамасында КР ӨКМнин №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүшкөн.
19-июль күнү саат 06:00дө,издөө иштерине кошумча КР ӨКМнин №59 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМнен 5 кызматкер тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Издөө иштерине жалпы 23 адам тартылган.