Бүгүн Бишкектен ажылык сапарга 306 зыяратчы учуп кетишет

Автор -

24-июлдан 25-июлга караган түнү кыргыз ажыларынын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиясына учуп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ажылардын алгачкы тобун узатуу бүгүн, 24-июлдан 25-июлга караган түнү саат 02:00дө «Манас-2» Эл аралык аэропортунда өтөт. Кыргыз ажыларынын алгачкы тобун узатуу иш-чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышат.

Мындан тышкары Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргыз жергесиндеги элчиси жана консулу, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай Шергазыев катышат. Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алып, 6 ажы башчы коштоп барат.

Алгачкы ажылар тобун коштоп баруучу ажы башчылар:

Акматов Кабылбек Эгембердиевич;

Нурдин уулу Сүйүнбек;

Кекебаев Кенжебек Дүйшөнович;

Узеналиев Сулумбек Дилдебекович;

Акимбай уулу Равшанбек;

Кадыров Шамсиддин Сайдуллаевич.