Ноокенде ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал катталды

Автор -

«Ноокен районунда ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал катталды»,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 29-июль күнү саат 20:30-21:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун  Ноокен айыл аймагынын Рахманжан айылынын Шалка тилкесинде ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал катталган.

«Катуу шамал 5 турак үйдүн, 1 кошумча курулуштун, 3 навестин жана 2 сарайдын чатырларынын жалпы 116 даана шиферин жана 149 м2 туникесин учурган»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү