Тажикстанда чет өлкөдөн келген жарандарды унаа сүзүп, төртөө каза болду

Автор -

Тажикстанда өлкөнү велосипед менен кыдырып жүргөн Нидерланды жана АКШ жарандарын автоунаа сүзүп кетип, төрт киши мерт болду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, 29-июлда Дангара районунда болгон кырсыкка себепкер айдоочу ал жерден унаасын айдап качып кеткен. Аны издөө үчүн бийлик тарабынан атайын операция уюштурулган.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө райондун аймагынан 1997-жылы туулган Нурек шаарынын тургуну Жаъфариддин Юсуповго таандык Daewoo Leganza үлгүсүндөгү унаа табылып, ээси кармалды. Зыянга учураган сырткы бөлүгү унаанын туристтерди сүздүрүп кетүүгө катыштыгы бар экенин ырастап турат», — деп билдиришти ИИМден.

29-июлда Дангара районунда белгисиз айдоочу велосипед менен бараткан чет өлкөлүк туристтердин тобун сүздүрүп, качып кеткен. Окуя болгон жерде үч турист мерт болсо, дагы бирөө райондук ооруканада жан берген. Андан тышкары жеңил жаракат алган үч чет өлкөлүккө медициналык жана моралдык-психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

«Франс-пресс» агенттиги велосипедчилер тобунда АКШ менен Нидерланддын экиден жарандары болгонун жазды. АКШнын Тажикстандагы элчилиги Дангардагы кырсыктан эки жараны мерт болгонун ырастады.

Тажикстанда 2018-жыл туризм жылы деп жарыяланган. Расмий маалыматтар боюнча, быйыл беш айдын ичинде өлкөгө кирген чет өлкөлүк туристтердин саны 900 миңден ашып, былтыркы ушул маалга салыштырмалуу төрт эсеге көбөйгөн.

Бөлүшүү