Бүгүн Бишкек мэрлигине талапкер тил сынагынан өтөт

Автор -

Бүгүн саат 14:00дө Бишкек мэрлигине талапкер тил сынагынан өтөт. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тил сынагын тапшырган талапкер 2 шартты аткарууга тийиш. Биринчиси, өз программасын кыргыз тилинде жазып, аны окуп берет. Экинчиси билет түрүндө жашырылган конверттеги чыгармадан үзүндү окуп, аны айтып берет»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэрлигине талапкер катары шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Азиз Суракматов гана арызын тапшырган.