Кара-Суу районунунда 2 унаа кагышып, 7 адам жабыркады

Автор -

Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагы 2 унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен 10 жаштагы кыз каза болуп, 7 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-августта саат 08:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 649-чакырымында болгон.  «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Ж.Б. «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. «ДЭУ Матизди» Отуз-Адыр айыл аймагынын 1987-жылы туулган тургуну Х.К. башкарып келе жаткан.

Кырсыктан улам «Хонда Степвагондун» айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү, «ДЭУ Матиздин» айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген. «ДЭУ Матизде» келе жаткан 2008-жылы туулган А.К. аттуу кыз ооруканага жетип каза болгон.

Учурда аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү