Ош шаарында таза суу бериле баштады

Автор -

Бүгүн,14-август күнү саат 06:20 дан тарта «Ак-Буура» дарыясындагы суу тазаланып, шаарга таза суу берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 13-август Папан айылдык аймагынын, Карагур айылында сел жүргөндүгүнүн кесепетинен «Ак-Буура» дарыясынын ылай калдыгы 6000 мг/литрден ашып кеткендигине байланыштуу Ош шаарынын «Курманжан Датка», «Манас Ата» кичи шаарчаларынан жана «Достук», «Калинин» массивдеринен башка аймактарга таза суу берүү таӊкы саат 05:00 убактылуу токтотулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү