Таш-Дөбө айылынын көп кабатуу үйлөрүндө жашаган тургундары Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун алдында митингге чыгышты. Бул тууралуу SAAT.KG маалымат агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар таза суу үчүн жергиликтүү тургундардан жыйналып алынган акчаны кайтарып берүүнү талап кылышкан. Буга чейин алар суу маселесин чечип берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылышкан.
Пикетке чыккандар эгерде жогорудагы маселе тез күндүн ичинде чечилбесе анда 6 кабатуу үйдүн тургундарынын баары пикетке чыгарын баса белгилешти.
«Биз төрт айдан бери таза суусу жок жашап жатабыз. Жайдын ысык күндөрүндө көп кабатуу үйдө суу жок аябай кыйналдык. Биз күтө берип чарчадык, ушунча чыдаганыбыз жетишет! Буга чейин акча топтоп берип, жетекчиликтин айтканына көнгөнбүз. Институттун директорунун жогору жакта таанышы бар деп да айтып жатышат. Бул бизди кызыктырбайт! Бизге же акчабызды кайтарып берсин же таза суу менен камсыз кылсын! Биз бул ишти аягына чыгарабыз. Президент Сооронбай Жээнбеков бүтүндөй Кыргызстанды таза суу менен камсыз кылам деген. Азыр биз анын жообун күтүп жатабыз»,-деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.
Суу көйгөйү жергиликтүү тургундардын нааразылыгынын негизги себеби болуп калды. Алар учурда таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну талап кылып жатышат.