III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында күн мурун Чолпон-Ата шаарындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда алыш күрөшү боюнча турнир болду.
Алыш күрөшү боюнча мыкты балбандар бир гана медаль үчүн эмес, дүйнө чемпиону наамы үчүн да өздөрүнүн болгон күч-аракеттерин көрсөтүштү.
Күрөштүн бул түрү боюнча жалпысынан 35 өлкөдөн келген 145 спортчу таймашты. КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, Кыргызстандын курамасы эркектер жана кыз-келиндер арасындагы бардык он эки салмактык категория боюнча беттешке катышышкан.
Жыйынтыгында эркектер арасында кыргызстандык спортчулар 4 медаль утушту: 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло. Алтын медалды 80 кг чейинки салмактык категорияда Эсенбек Кудайбердиев жеңип алган.
Кыз-келиндер арасында КР байге куржунунда 4 медаль бар: 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло. Бахтияр кызы Нурзат чемпион болду (65 кг чейин).
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
69 кг чейин:
1-орун – Кимсаноев Мардон (Өзбекстан) – жалпы байге фонду 70 миң сом;
2-орун– Ашыргелдиев Арслан (Түркмөнстан) – 35 миң сом;
3-орун– Неифриетуо Жунйу (Индия) – 17 миң 500 сом;
3-орун — Абрамов Алексей (Россия) — 17 миң 500 сом.
70 кг чейин:
1-орун– Рузиев Хусдиддин (Өзбекстан) — 70 миң сом;
2-орун – Шаршеналы уулу Мадаминбек (Кыргызстан) — 35 миң сом;
3-орун– Милжан Джуканович (Сербия) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Медов Росимурат (Түркмөнстан) — 17 миң 500 сом;
80 кг чейин:
1-орун– Кудайбердиев Эсенбек (Кыргызстан) — 70 миң сом;
2-орун – Махкамов Камолиддин (Түркмөнстан) — 35 миң сом;
3-орун – Садыков Ленар (Россия) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Кулманбетов Айдос (Казакстан) — 17 миң 500 сом;
90 кг чейин:
1-орун – Калимуллин Реназ (Россия) — 70 миң сом;
2-орун– Артыков Зайлобиддин (Өзбекстан) — 35 миң сом;
3-орун – Жумаев Гылыч (Түркмөнстан) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Нурмамат уулу Сапармурат (Кыргызстан) — 17 миң 500 сом;
100 кг чейин:
1-орун – Батыров Сейди (Түркмөнстан) — 70 миң сом;
2-орун – Мавлонов Обидали (Өзбекстан) — 35 миң сом;
3-орун – Малдован Анатоли (Молдавия) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Быйретмурат Сиерик (Монголия) — 17 миң 500 сом;
100 кг ашуун:
1-орун – Галиамов Мусса (Россия) — 70 миң сом;
2-орун – Лусиано Дел Рио (Аргентина) — 35 миң сом;
3-орун – Келсинбеков Кадыр (Кыргызстан) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Бердыев Овезгелди (Түркмөнстан) — 17 миң 500 сом;
Кыздар арасында:
55 кг чейин:
1-орун – Бадагляева Лачын (Түркмөнстан) — 70 миң сом;
2 -орун– Рыскулова Анара (Кыргызстан) — 35 миң сом;
3-орун– Сосе Баласанян (Армения) — 17 миң 500 сом;
3-орун- Кайыпхан Акжол (Казакстан) — 17 миң 500 сом;
60 кг чейин:
1-орун – Мадраимова Зухра (Түркмөнстан) — 70 миң сом;
2-орун – Момунова Мээрим (Кыргызстан) — 35 миң сом;
3-орун – Махмудова Мафтуна (Өзбекстан) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Дусембаева Улжан (Казакстан) — 17 миң 500 сом;
65 кг чейин:
1-орун – Бахтияр кызы Нурзат (Кыргызстан) — 70 миң сом;
2-орун – Арайлым Канзада (Казакстан) — 35 миң сом;
3-орун– Кайли Вос (Нидерландия) — 17 миң 500 сом;
3-орун- Овлякуляева Жемал (Түркмөнстан) — 17 миң 500 сом;
70 кг чейин:
1-орун – Реналда Гедытутё (Литва) — 70 миң сом;
2-орун– Шайыпбекова Перизат (Казакстан) — 35 миң сом;
3-орун – Мамажонова Дилафруз (Өзбекстан) — 17 миң 500 сом;
3-орун- Фролова Елена (Россия) — 17 миң 500 сом;
75 кг чейин:
1-орун– Суркиева Насиба (Түркмөнстан) — 70 миң сом;
2-орун – Ликун Сандра (Польша) — 35 миң сом;
3-орун – Худойбердиева Бегзода (Өзбекстан) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Мамарасул кызы Алтынай (Кыргызстан) — 17 миң 500 сом;
75 кг ашуун:
1-орун– Туба Уна Светлана (Сербия) — 70 миң сом;
2-орун – Зутова Гозаль (Азербайжан) — 35 миң сом;
3-орун – Кебадзе Елене (Грузия) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Сарбашова Нагира (Кыргызстан) — 17 миң 500 сом.