Депутат ЖКнын жалпы жыйынында Бишкек шаарынын мэри Суракматовду сынга алды

Автор -
474

«Бишкек шаарына кандай мэр алып келдиӊер? 5-жылда бир ооз сөз сүйлөбөгөн адам кантип шаар башчы болот»,-деп депутат Рыскелди Момбеков ЖКнын жалпы жыйынында Бишкек шаарынын мэри Суракматовду сынга алды.

«Мамлекеттин борбору болгондон кийин Бишкекке макамы бар, мамлекеттик тилди билген адамды алып келиш керек эле. Чала тилди эмес, чарба тилин билген адамды коюш керек болчу. Өкмөттө эмне кеп болуп  жатканын билбейм, бирок эл ичинде ушундай кеп болууда. Өкмөт эмне иш кылып жатат? Жеткирип барыӊыз жетекчиӊизге, желмогуз Момбеков жемелди деп»,-деп билдирди депутат.