Рязань облусунда кыргызстандык жүргүнчүлөрү бар автобус кырсыккка учурады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка болгондой, айдоочу рулду башкара албай калып, мамыны сүзүп токтогон . Кырсыктын кесепетинен 1 жүргүнчү каза болуп, 5 адам жаракат алган.
Кыргызстандык жүргүнчүлөрү бар автобус Самарадан Москваны көздөй бет алган. Автобустун ичинде 8 кыргызстандык жаран болгон.
Учурда кырсыктан каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.