Бишкекте дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Аида Мамаева Жалал-Абад облусунан табылды. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызды 21-сентябрга караган түнү тапкан. Учурда кыз ата-энесине кайтарылып берилди. Алдын ала алынган маалыматка караганда, анын ден соолугу жайында.