Ош-Баткен-Исфана автожолунун 284-чакырымындагы жол кырсыгында 23 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 17-октябрда саат 14.40да, Баткен районунун Ак-Татыр айылынын аймагындагы болгон. Анда эки Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү ууна кагышып, кырсыктын кесепетинен Баткен облустук ооруканасына 22 адам жаткырылган.
«Жабырлангандардын бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми экөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Кырсыктан бир адам каза болду»,-деп айтылат маалыматта.