Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов саатты артка жылдырууну сунуштады.
Анын айтымында, кыш мезгилинде балдарга эртең менен ойгонуу кыйын болуп жатат.
“Кээ бир мектептерде окуучулар 3 нөөмөт менен окушат. Сабак саат 7:30да башталат. Алардын уйкусу канбай сабакка даяр болушпайт. Ал эми кичинекей бөбөктөр бала бакчаларга таӊ атпай суукта барышат. Андыктан саатты жылдыруу боюнча бир чечим чыгаруу керек”, — деди Шарапов.