Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары азайтылды» деген маалыматты төгүндөдү.
Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдиргендей, азыркы кезде экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны бирдей:
— Бул маалымат туура эмес. Жакын арада экс-президенттин жансакчылары азайтылган жок. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрдө экс-президенттин күзөтчүлөрү бир аз кемиген. Учурда Атамбаевдин да, Отунбаеванын да жансакчылары бирдей жана жетиштүү.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты бир топ кыскартылганын буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» ырастаган. УКМК да, КСДП да экс-президентти канча күзөтчү кайтараарын так айтышкан жок.