Сузакта жер көчкү түшүп, Ачы сайынын суусун бөгөп калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-октябрда Акчалуу айылында көлөмү болжол менен 72000 м3 жер көчкү түшкөн.
«Учурда Ачы сайында 15000 м3 суу топтолуп, жер көчкүнүн үстүнөн агууда.Турак үйлөргө коркунуч жок»,-деп айтылат маалыматта.
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Мундуз-Кара-Көл ички чарбалык унаа жолу убактылуу жабылып, унаалар айланма жол аркылуу каттоодо.
Мындан сырткары топтолгон суунун көлөмүн байкоо үчүн райондук КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмү жана айыл аймак тарабынан нөөмөт уюштурулган.