Жалал-Абадда 10 ай ичинде 542 өрт кырсыгы катталып, 6 адам каза болгон

Автор -

Жалал-Абад облусунун аймагында 2018-жылдын 10 айында 542 өрт кырсыгы катталса, анын ичинен 232 өрт турак жай секторунда чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жай секторунда катталган өрт кырсыктарынын кесепетинен 6 адам каза таап, 662 тонна тоют, 63 мал жандыктары жабыркаган.

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам 20 атуул, 25 ири мүйүздүү мал жана 145 млн. 306 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

“Талдоолорго ылайык катталган өрт кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуудан, өчүрүлбөй калган тамеки калдыгынан, электр тогуна уланган бойдон унутта калтырылган электр шаймандарынан,  кароосуз калтырылган балдардын от менен ойноосунан, бузук абалдагы мештерден жана моорлордон келип чыгууда. Эң кейиштүүсү, атуулдар уктап жаткан мезгилде эле, өрттөн чыккан түтүндөн, газдан ууланып каза болуусу. Ошондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы кышкы өрт кооптуу мезгилге карата профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөттү”- деди А.Закиров.