Жогорку Кеӊеште жаӊыдан тышкы иштер министрине дайындалган Айдарбеков Чыӊгыз Азаматович, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине дайындалган Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, маданият, маалымат жана туризм министрине дайындалган Жаманкулов Азамат Капарович ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришишти. Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Чыӊгыз Айдарбековду, Улукбек Кочкоровду, Азамат Жаманкуловду ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.