Чыӊгыз Айдарбеков: Кыргызстан БУУ менен өз ара кызматташууну ийгиликтүү өнүктүрүп жатат

Автор -
205

Бүгүн, 2018-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Чыӊгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушту. Жолугушуу Мирослав Енчанын Кыргызстанга эки күндүк иш-сапары алкагында уюштурулду.

Тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы ɵз ара кызматташуунун келечектүү багыттарын, Кыргызстандын демилгелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жалпы дебаттарынын 73-сессиясына катышуусунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Министр өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык кырдаал тууралуу маалымат берип, аталган чɵйрɵлɵрдɵ жана шайлоо системасын жакшыртууда БУУ тарабынан Кыргызстанга кɵрсɵтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Мирослав Енча Кыргызстан менен БУУнун ар тармактардагы кызматташуусунун көп кырдуулугун баса белгиледи.   

Жолугушууда Туруктуу Ɵнүгүүнүн Максаттарын ишке ашыруу алкагында жасалып жаткан айрым маселелер жана БУУнун Өнүгүү Программасынын Кыргызстандагы долбоордук ишмердиги боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле, регионалдык кызматташуунун жана БУУнун Борбордук Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча Регионалдык Борборунун долбоордук ишмердүүлүгүнүн маселелери кɵтɵрүлдү.