Кочкор районунда унаа оодарылып, айдоочусу менен жүргүнчүлөр жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү саат 13:25те Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында (Сүттү-Булак тилкеси) “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочусу жана жүргүнчүлөрү женил жаракаттар менен Кочкор райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.
КР ӨКМнин №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.