Анжиянда Избоскан райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Ильхомжон Хайдаров түнкү нөөмөт учурунда токмок жеп, ооруканада көз жумду. Милиционер көчөдө бир нече уландын өздүгүн тактагысы келген, бирок жаңжал чыгып, алардын бири тартип сакчыны катуу чаап жиберген.
Облустук милиция башкармалыгынан кабарлашкандай, Хайдаров Пахтаабад районундагы эң жакын ооруканага жеткирилген. Бирок 21инен 22-ноябрга караган түнү милициянын лейтанаты каза болгон.
Милициянын лейтананты Ильхомжон Хайдаровго кол көтөргөн киши жана жаңжалдын башка катышуучулары кармалды.
Өзбекстан Кылмыш кодексинин “Атайлап киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.