Кытайда 5 миңден ашык этникалык кыргыздар кадимки түрмөдө кармалып турат

Автор -
373

Кытайда этникалык кыргыздарды массалык түрдө кармап “Саясий тарбия берүүчү лагерлерге» камап жатат. Бул тууралуу «КирТАГ» Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жана Кытайдын Бишкектеги элчилигине кайрылган Муслихиддин Салимовго шилтеме берип жазып чыкты.

Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар, этникалык кыргыздарды кармап «саясий тарбия берүүчү лагерлерге» жөнөтүп жатканын айтышууда. Алардын пикиринде туугандары лагерде эмес эле кадимки түрмөдө кармалып жатат.

«Кызыл-Суу автономдук округунда 5 миңден ашык этникалык кыргыз «саясий тарбия берүүчү лагерлерге» кармалып турат. Ал жерде канча адам камалып турганын эч ким билбейт. Ошондуктан бүгүн биз Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылууну туура көрдүк», — деди Салимов.

Анын айтымында, лагерге ким Кыргызстанга келип кеткен болсо ошолордун баарын камап жатат.

«Маселен, менин таанышымдын атасы бул жакта окуп кыргыз жарандыгын алган. Аны да камап койду. Дагы бир досум өткөн жылы Кыргызстанга келип кеткен аны да кармап кетти. Ошондой эле соода кылгандарды да тынч койбой жатат. Бирок бул жакка келген Кытайдын жарандары да кайтып барбай жатат. Кытайдан келген студенттердин саны жыл сайын азайып жатат», — деди ал.

«Кармоолор 2016-жылы башталды. Ар бир кыргыз айылындага лагерлерде 70тен 100гө чейин киши бар. Алардын арасында кары картаң, жаш өспүрүмдөр жана майып кишилер да бар. Биз Кытай менен эч кандай чыр чатакты каалаган жокпуз. Бул маселени мыйзам чегинде тез аранын ичинде чечилишин суранып жатабыз», — деп кошумчалады М.Салимов.

Анын пикиринде Кыргызстан этникалык кыргыздардын кармалуусу боюнча суроо салууга толук укугу бар.

Расмий маалыматтарга караганда Кызыл-Суу автоном округунда 160 миңге жакын этникалык кыргыз жашайт.

Буга чейин Казакстан Кытайга нота жиберип, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Белгилей кетсек, 26-ноябрда Кытайдан Кыргызстанга келген кайрылмандар жана кытайлык кыргыздардын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Алар мамлекет башчыга жазган катында «Кытайдын кыргыз улутундагы жарандары «тарбиялоочу лагерлерде» негизсиз кармалып жатканы» айтылып, аларды бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

Бөлүшүү