Ошто массалык түрдө мушташкан 30дай окуучу балдар кармалды

Автор -
381

Ош облусунун Кара-Суу районунда мушташкан 30дай окуучулардын үстүнөн териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22 -ноябрда жаш балдардын топтошуп алып мушташып жаткандыгы тууралуу райондук ИИбге маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, мушташып жаткан 31 окуучуну кармаган. Алар Кара-Суу районуна караган Жоош жана сарай айылдарынын 10-11-класстын окуучулары болуп чыккан.

Мушташ учурунда 15 жаштагы Н. уулу Н. аттуу окуучу денесинин көп жеринен миздүү нерседен жараат алган. Ал дароо Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экендиги айтылууда.

Ал эми бул иш боюнча тиешелүү мекемелердин кызматкерлерине кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү