Депутат өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаевди «кулагы укпай калды» деп сынга алды

Автор -

Бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында  депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттүн өкүлү  Ашырбек Темирбаевди «кулагы укпай калды» деп сынга алды.

«Бул киши 30 жыл аралыганда өкмөттүн өкүлү болуп иштеп жатат. Акыркы кезде депутаттардын өкмөткө айткан пикирлерин жеткирип барбай жатат. Балким кулагы да укпай калгандыр. Ашырбек Мойдунович эми жаштарга орун берсин, жашы да өтүп калды»,-деп билдирди Жолдошбаев.