Өзбекстандын Ташкент облусундагы милиция кызматкерлери Куран кармап, пара албоого жана алдамчылык кылбоого ант беришти. Мындай ант берүү аземинде тартылган сүрөттөр социалдык түйүндөргө жарыяланды.
Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү укук коргоо кызматкеринин айтымында, ант берүү райондун имамынын катышуусунда өткөн.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай иш-чаралар мамлекет башчы кол койгон «Коррупцияга каршы күрөш жөнүндөгү мыйзамдын эрежелерин ишке ашыруу тууралуу» жарлыкты аткаруу боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлүүдө.
Аталган облустагы Жогорку Чырчык райондук милициясынын нөөмөтчүсү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, маалымат алуу үчүн жетекчиликке кайрылуу керектигин билдирди.
Быйыл ноябрдын ортосунда Өзбекстандын айрым аймактарында фермерлер, дарыгерлер, салык жана бажы кызматкерлери жапырт ант беришкен.