Токтогул районунда 2 унаа кагышып, 3 адам каза болду

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 12-декабрь күнү саат 05:25 Бишкек-Ош унаа жолун 307- чакырымында (Артак-Бель ашуусу) “Мерседес-Бенц” оор жүк ташуучу жана “Митсубиси” үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 эркек адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда жеңил унаанын айдоочусу уктап кетип, Бишкек багытынан Ош тарапты көздөй бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен.

КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдардын денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Бөлүшүү