Вьетнамда сел жүрүп, 5 киши каза болду

Автор -

Вьетнамдын ортоңку бөлүгүндө болгон селде 5 киши каза болду.

Синьхуада орун алган кабарына караганда Табигый апаатты алдына алуу жана текшерүү борборунан берилген маалыматта Куанг Три, Туан Тхиен Хюэ, Куанг Нам, Куанг Нгай жана  Бинь Динь шаарларында жуманын акырынан бери болуп келе жаткан селде 4 кишинин да жоголгондугу билдирилди.

Селде 23 миңден ашуун үйдүн зыян тарткандыгы, селге кабылган 62 миң бодо мал жана канаттуунун жок болгондугу белгиленди. Вьетнамда жылдын биринчи 11 айында болгон тайфун, сел жана жер көчкүлөрдө 189 кишинин каза болгондугу жана жоголгондугу, 140 кишинин жаралангандыгы белгиленди.