Аял кишиге бычак менен кол салып, акчасын тартып алган 25 жаштагы жигит кармалды

Автор -

УККБнын кызматкерлери карактоого шектелген Чүй облусунун жашоочусун кармашты. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар тарабынан Токмок шаарында курч буюм колдонуу менен жасалган каракчылык фактысы боюнча шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Алынган болжолдуу маалымат боюнча түнкү саат 03:30 чамасында соода үйүнүн жанында кылмышкерлер бычак менен аял кишиге кол салышып, акча каражатын тартып алышкан. Аталган кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылып, карактоого кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тиешеси бардыгы тууралуу маалымат алынган.

Тиешелүү көрүлгөн ыкчам чаралардын жүрүшүндө 2018-жылдын 17-декабрь күнү Токмок шаарында жашаган, мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалган.

Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматына ылайык  шектүү УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Жогорудагы кылмышка тиешеси бар дагы бир шектүү укук коргоо органдары тарабынан жакында кармалган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бөлүшүү