«Жарымыбыз Атамбаевчы, жарымыбыз Жээнбековчу болуп бөлүнгөндү качан токтотобуз?»,-деп билдирди депутат Жанар Акаев.
Бул оюн депутат Жогорку Кеӊештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков менен депутат Алтынбек Сулайманов регламент маселеси боюнча кайым айтышканда айтып чыкты.
Жанар Акаев Алтынбек Сулаймановдун төрагага сын айтууга укугу бар экенин кошумчалады.
«Качан парламенттик көз карашта иштейбиз? Бирөөгө жалданма болгонду качан токтотобуз? Дастан Артисбекович, төрагалыкка шайланып келе жатканда «сын угууга, бардык кыйынчылыкка даярмын» деп келип алып депутаттарды уруштуруп, өзүңүз кыйкырышып отурасыз»,— деди Акаев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин жыйында Дастанбек Жумабеков менен Алтынбек Сулайманов кайым айтышты. Алардын ортосундагы түшүнбөстүк Иса Өмүркуловдун вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алууну сунуштаганда пайда болгон.
Мага кыйкырганга жаштык кыласыз! ЖКда төрага менен депутат кайым айтышты (Видео)