25-декабрда Кытайдын Лунъянь шаарында автобусту айдап качкан адам көчөдөгү жөө кишилерди тебелетип кетти. Жыйынтыгында беш адам мерт болуп, дагы 20сы жаракат алды.
Жергиликтүү полиция окуя болгон жерден бычак менен куралданган эркек киши кармалып, учурда тергөө иштери башталганын кабарлады. Азырынча анын мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз.
Буга окшогон кол салуу быйыл апрелде Канадада болгон. Анда Торонто шаарында автоунаачан адам жөө адамдарды сүзүп, 10 киши мерт болгон.
Ага чейин жүк унаасы менен адамдарды тебелетип кеткен учурлар дүйнөнүн бир катар шаарларында да болгон:
- июль 2016 – Ницца (86 киши мерт болгон),
- декабрь 2016 – Берлин (12 киши),
- январь 2017 – Иерусалим (5 киши),
- апрель 2017 – Стокгольм (4 киши),
- март 2017 – Лондон (Вестминстер көпүрөсүндөгү чабуулдан 5 киши каза болгон),
- июнь 2017 – Лондон (8 киши),
- август 2017 – Барселона (13 киши),
- ноябрь 2017 – Нью-Йорк (8 киши).