Жогорку Кеңешке жаӊы депутат келди

Автор -

Борбордук шайлоо комиссиясы КСДП фракциясынын жаңы депутаты Өмүрбек Бакировго мандат тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.

Өмүрбек Бакиров Музаффар Исаковдун ордуна келди. Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазган. Бүгүн ал мандатынан ажыратылды.

Буга чейин Бишкек мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке КСДПдан депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгарылган эле.

Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды