Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиянын Медина шаарына учуп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ажылардын акыркы тобу 7-августта Ош-Жидда багыты боюнча Мекке шаарына жөнөшөт. Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы. Быйылкы жылы Бишкектен 6 рейс, Ош шаарынан 12 рейс болуп, жалпысы 18 рейсти түзмөкчү.
Муфтият эскертет: ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл.
Каттамдардын убактысы жана ажылардын тизмеси төмөндө көрсөтүлгөн: