Өзбекстан менен ЕБ кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Автор -

4-февралда Ташкентте Өзбекстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы башталды.

Маалыматка караганда, каралып жаткан документ жаңы соода жеңилдиктерине, инвестициялык кызматташтыкка жана аймактык коопсуздукка артыкчылык берет.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, документке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл белгиленген Брюсселге сапары маалында кол коюлат деп күтүлүүдө.

Былтыр ноябрда тараптар келишим боюнча сүйлөшүү жараяны расмий башталганын билдиришкен.

Өзбекстан менен ЕБдин ортосундагы учурдагы макулдашуу 1999-жылы 1-июлда күчүнө кирген.

Ушул тапта Еробиримдик Өзбекстанда жалпысынан 103 миллион евролук 25 долбоорду ишке ашырып жатат. Алар — экономика жана социалдык өнүгүү багытындагы долбоорлор. Жалпы суммасы 33,5 миллион евролук 10 аймактык долбоор да иштеп жатат.

Бөлүшүү