Бишкек шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 3 наристе түтүнгө ууланып калды

Автор -
385

Свердлов районунда турак үй өрдөн өрт чыгып, 3 наристе түтүнгө ууланышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Келечек конушундагы №14 көчөсүндөгү аянты 35 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн.

«Өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган Т.Н., 2016-жылы туулган Т.З. жана 2017-жылы туулган Т.А. аттуу балдар түтүнгө ууланышып, ооруканага жеткирилген. Абалдары орто»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда