Тажикстанда муздаткыч чыгарган өзбек заводу ачылат

Автор -

Өзбекстан Тажикстанда «Артель» муздаткычтарын өндүрө турган завод ачууну пландап жатат. Бул тууралуу 12-февралда Тажикстандын Инвестициялар жана мүлк башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Фаррух Хамрализода билдирди.

Анын айтымында, учурда Душанбеде «Артель» заводун ачуу маселеси каралууда. Тажик базарына келгенине бир нече жыл болгон «Артель» компаниясынын продукциялары жергиликтүү тургундардын арасында популярдуулукка ээ боло алган.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы өзбек ишкерлери Тажикстанга 5,35 миллиард доллар инвестиция салышкан. Хамрализоданын белгилешинче, өзбек инвестициялары көбүнчө айыл чарбасына, канаттуулар чарбасына жана багбанчылыкка багытталган.

Былтыр сентябрда Кыргызстандын Ош шаарында «Artel» деген бренд менен кир жуугуч машинелерди чыгарган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылган.

Мурдараак Тажикстанда жалаң Өзбекстандан келген трикотаж кездемелерин пайдалана турган жаңы тигүүчү цехтер ачыла турганы белгилүү болгон. Мындан тышкары жакында Душанбедеги «Хожи Шариф» базарында өзбек ишкерлеринин текчелери пайда болгону турат.

Бөлүшүү