Жамшитов: ТВЕАнын гранттык каражатына салынган мектеп кымбат курулган, ал каражатка 3 мектеп курса болот

Автор -
250

Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Тазабек Икрамов кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан Бишкек шаарындагы жаӊы мектептин имаратынын курулушуна 2 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнгөнүн эске салып, ал боюнча козголгон кылмыш ишинин азыркы абалына кызыкты.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, мектептин имаратынын курулушуна 2 млн доллардан тышкары, бюджеттен кошумча 104 млн сом каражат каралганын белгиледи.

«Бул мектептин имаратын курууда курулуш талаптары сакталган эмес. Мектеп өтө кымбат курулган, ага жумшалган каражатка 3 мектеп курса болот. Келишим боюнча гранттык каражатка 2 мектеп курулмак болсо, бир гана мектеп курулуп калган. Дегеле, мында мыйзам талаптары таптакыр сакталган эмес», — деди ал.

Бөлүшүү