Кыргызстандын жөө күлүктөрү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
«Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык КР жеңил атлетика боюнча уландар арасында курама кошуундун мүчөлөрү жеңил атлетика боюнча 2002-2003-жылы туулган өспүрүмдөр арасында Борбор Азиянын мамлекеттеринин эл аралык мелдешине катышат»,-деп айтылат маалыматта.
Мелдеш 2-марттан 3-мартка чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Спортчулар 28-февралдан 4-мартка чейин Ташкент шаарына жөнөтүлдү.
Мелдешке катышуучу спортчулардын тизмеси:
| № | ААА | Туулган жылы | Спорттук наамы | 
| 1 | Световой Давид | 2003 | II разраяд | 
| 2 | Бойчоров Артур | 2002 | II разраяд | 
| 3 | Оптов Никита | 2002 | II разраяд | 
| 4 | Сарбагишев Адэн | 2002 | II разраяд | 
| 5 | Данияр уулу Замир | 2002 | I разраяд | 
| 6 | Нукешов Таштынбек | 2002 | I разраяд | 
| 7 | Касыгулов Тилек | 2003 | I разраяд | 
| 8 | Федотова Анна | 2002 | II разраяд | 
| 9 | Корчемкина Рита | 2002 | I разраяд | 
| 10 | Абылнасимова Элнура | 2003 | I разраяд | 
| 11 | Каплунова Юлия | 2002 | I разраяд | 
| 12 | Тазабекова Чолпон | 2003 | I разраяд | 
| 13 | Батманова Сара | 2002 | I разраяд | 
| 14 | Батаджиева Сабина | 2002 | I разраяд | 
| 15 | Токтобаев Тимур | Машыктыруучу | |
| 16 | Сыргакбеков Айбек | Ага машыктыруучу | 
Курама кошуундун мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 32 миң сом каралган.

































