Абылгазиев: Ыңгайлуу жол инфраструктурасын түзүү – бул мамлекеттин милдеттеринин бири

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдиргендей, «Коопсуз шаар» долбоорун киргизгенден тартып үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталган.

Ошону менен бирге Ыманалы Саркулов билдиргендей, «Жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 4-мартынан тартып күчүнө кирди, аларга ылайык, жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аппараттык-программалык комплекстер аркылуу аныкталган эреже бузуулар үчүн жеке жана юридикалык жактарга айыппулдар теңештирилди. Ошондой эле айыппулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга айыппулду 50% жеңилдик менен төлөө укугун берүү каралган.

Буга байланыштуу бузуулар тууралуу билдирмелер эреже бузгандыгы катталган айдоочуларга 4-марттан тартып жөнөтүлө баштайт.

Мындан тышкары ал баса көрсөткөндөй, Премьер-министрдин тапшырмасы менен унаа ээлеринин сунуштары талданып, Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча иштер жасалды. Анын ичинде кошумча, ошондой эле кыймыл жыш кесилиштерде экинчи катардан бурулууга уруксат берген белгилер орнотулду, светофорлордун кошумча бөлүктөрү коюлду жана башка иш-чаралар аткарылды.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, долбоор ишке киргизилген учурдан тартып, жолдордогу абал кыйла жакшырды. Муну менен бирге Премьер-министр белгилегендей, жол инфраструктурасын өркүндөтүү жана жол кыймылын уюштуруу иштерин улантуу зарыл.

Ошондой эле Премьер-министр ырастагандай, унаа сүйүүчүлөр айрым көйгөйлөргө туш болушууда, бирок ошол эле учурда буга түшүнүү менен мамиле кылышып, кырдаалдан чыгуу боюнча өз варианттарын сунушташууда.

«Биздин кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдиргим келет. Баса белгилей кетсем, мамлекеттик органдар жол кыймылынын эрежесин сактоого тырышкан жана жолдордогу абалды жакшыртууну каалаган адамдардын пикирлерин угууга тийиш. Долбоордун кийинки баскычтарын ишке ашырууну эске алганда, бул иш өзгөчө маанилүү»,
деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жолдордогу кырдаалды жакшыртуу боюнча бир кыйла чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

«Сиздерге эскерте кетсем, ыңгайлуу жол инфраструктурасын түзүү – бул мамлекеттин милдеттеринин бири. Биз коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарып жана шаарда ойлонулган жана жайлуу жол-транспорттук тутумду камсыздоого тийишпиз»,
деди ал.
«Жарандардын колдоосу менен биз негизги максатыбызга – жолдордогу коопсуздукту камсыздоого, тагыраак айтканда, жол эрежелерин бузууну жана авариялуулукту азайтууга, ошондой эле жолдордогу адам өлүмүнүн санын кыскартууга жетише алабыз»,
деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Бөлүшүү